Трамп Путинге: АКШ менен Россиянын жылуу мамилесине бүт дүйнө кызыкдар

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хельсинкиде Россия менен АКШнын президенттеринин ачык жолушугуусу болду.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен Вашингтондун жылуу мамилесине бүткүл дүйнө кызыкдар болуп тургандыгын айтты деп билдирди РИА Новости.

"Дүйнө эки өзөктүк улуу державалардын бири-бири менен кантип тил табыша тургандыгына байкоо салып турат", — деген Трамп дүйшөмбүдө Хельсинкиде Владимир Путин менен болгон жолугушуунун башында.

Анын айтымында, Россия менен АКШ мындан бир нече жыл мурда "ынтымактуу болчу".

Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол чемпионаты жогорку деңгээлде өттү! Дональд Трамп Путинди куттуктады
Путин эки тараптын мамилеси боюнча отуруп сүйлөшүүгө жана дүйнөдөгү башка дагы "талуу" маселелерди талкуулоого мезгил келгендигин белгилеген.

"Бизде дайыма байланыш болуп турат. Телефондон сүйлөшкөнбүз, эл аралык иш-чараларда жолукканбыз. Эми эки тараптын мамилеси боюнча отуруп сүйлөшүүгө жана дүйнөдөгү башка дагы "талуу" маселелерди талкуулоого мезгил жетти. Андай көйгөйлөр абдан көп жана көңүл бурууну талап кылат", — деди Путин.

АКШ президенти сүйлөшө турган сөз көп экендигин, алардын арасында аскерий жана соода маселелери, андан сырткары, Кытай менен болгон мамиле туурасында да кеп боло тургандыгын билдирди. Ал эки тараптын өзөктүк куралдар боюнча мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеп болорун айтты.

"Биз бардык өзөктүк куралдардын 90 пайызына ээ болгон эки мамлекетпиз. Бул өтө жакшы деле нерсе эмес. Бул жааттагы абалды жакшыртуу үчүн бардыгын жасашыбыз керек", — деген АКШнын президенти.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп эмне үчүн Россияны G7 уюмуна кайтаруу керектигин түшүндүрдү
Президенттердин жолугушуусунун тар форматтагы ачык бөлүгү кол кысышуулар менен бүттү. Буга АКШнын жетекчиси демилгечи болду.

"Азыр баштала турган жекеме-жеке жолугушууну күтүп жатам. Андан соң талкууга командалар менен киришебиз. Суроолор абдан көп. Алардын баарына жооп табабыз деп ниеттенем. Сиз менен жолугушканыбыз жакшы болду", — деп Трамп Путинге колун сунду.

Жолугушуунун бул бөлүгү беш мүнөттөн ашык созулду. Ал эми кол алышууга үч секундага жакын убакыт кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0