Кооз, коопсуз, ыңгайлуу. Адистер кыз-келиндерге ылайыктуу 5 унааны атады

© AFP 2023 / FRED DUFOURДевушка за рулем автомобиля
Девушка за рулем автомобиля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын басымдуу бөлүгү япониялык компанияларга тиешелүү.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Адистер кыз-келиндерге ар тараптан ылайыктуу беш автоунааны аташты. Бул тууралуу life.ru порталы жазды.

Аялзаты үчүн коопсуз жана жарашыктуу унааларды аныктоо үчүн CarsWeek.ru порталынын адистери статистикалык маалыматтарды, форумдардагы ой-пикирлерди жана дилерлердин өздөрү берген маалымат каттарды иликтеп чыгышты.

"Аялдарга ылайыктуу деп Toyota RAV4, Toyota C-HR, Nissan Juke, Mitsubishi ASX жана Peugeot 3008 унаалары аталды",  —  деп жазылган макалада.

Буларды тандоодо негизги критерий катары темир тулпарлардын дизайнына, балдарды салып жүрүү ыңгайына, коопсуздук сиситемасына, рулдун ишинин кынтыксыздыгына көңүл бурулду.

Баса, ушул айда Кыргызстанга жеке тараптар ташып кирген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Атургай айрым  машиналарды акысыз алып кирүүгё болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0