Окумуштуулар рентгенди 3D түстүү кагазга чыгарууну ойлоп табышты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДетская областная больница Калининграда
Детская областная больница Калининграда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ойлоп табуу дартты таасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын окумуштуулары 3D түстүү рентген кагазын чыгарууну ойлоп табышты. Бул туурасында Daily Mail агенттиги жазды.

Изилдөөнүн автору болгон Кентербери университетинин профессору Фила Батлеранын айтымында, мындай ойлоп табуу дартты таасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

​"Рентгенге тартып аны түстүү кагазга чыгаруу дарыгерлерге жогорку деңгээлдеги май жана кальцийди аныктоого жол ачат. Ошондой эле сөөк жана муундардын абалын так текшерүүгө мүмкүн болот", — деп айткан окумуштуу.

​Рентгенге тартуунун жаңы ыкмасы кадимки эле ак-кара түстө болуп, бирок ага жогорку көлөмдөгү түстүү сүрөттү жаратуучу CERN технологиясы колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0