Укмуш! Франция менен Хорватия футболчуларын өзгөчө тосуп алганда... Видео

© Sputnik / Кристина Афанасьева / Медиабанкка өтүүЧествование чемпионов мира по футболу во Франции
Чествование чемпионов мира по футболу во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында биринчи болгон Франциянын курама командасы мекенине кайтып келди.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Франциянын курама командасын футбол күйөрмандары чоң салтанат менен тосуп алды. Оюнчуларды тосуп чыккан 300 миңдей киши көчөгө батпай турду.

Өлкө башчысы Эммануэль Макрон жубайы Брижит Макрон менен чогуу оюнчуларды тосуп чыкты.

Андан сырткары, учкучтар асмандан Франциянын желегинин өңүн чачышты.

Ал эми Хорватиянын борбору Загреб шаарында 200 миңдей киши көчөгө чыгып, экинчи орунга татыган командасын татыктуу тосуп алды.

Белгилей кетсек, 15-июлда футбол боюнча дүйнө чемпионатында Франция Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алып, чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0