БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Хорватиянын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Футбол боюнча 2018-жылы Россияда өткөн чемпионатта алчу сыйлык акчаларын өлкөдөгү жакыр жашагандарга бермей болду. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.
"Команданын машыктыруучусу Златко Далич алардын ала турган акчасы Хорватияда жашап бирок Адриатика деңизин көрө элек балдарды алып барган атайын фондуга жумшалат. Ал спортчулар Ховартиядагы жашоо-деңгээлди жакшыртууну каалаарын, себеби аталган өлкөнүн жарандары азыр кыйын күндөрдү башынан кечирип жаткандыгын айткан", — деп жазган басылма.
ФИФА футбол боюнча 2018-жылы Россияда өткөн чемпионатта экинчи орунду ээлеген командага 28 миллион доллар бермекчи. Байге фондусу 2017-жылы аныкталып, жалпы сумма 400 миллион долларды түзгөн.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.
Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.