Трамп Путинге "айланганда". Time журналынын укмуштуу сүрөтү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналдын жаңы саны 30-июль күнү сатыкка чыгат.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Америкалык Time журналы жаңы санынын сырткы бетине АКШ лидери Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путинге "айланып" бара жаткан сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, журналдын бул саны 30-июль күнү сатыкка чыкмакчы. Ал эки лидердин Хельсинки шаарындагы жолугушуусуна арналып, биринчи бетке "Саммит кризиси" деген гана сөздөр жазылды.

Мындан ташкары, басылма өзүнүн Twitter баракчасына Трамптын россиялык кесиптешине айланып бара жаткан анимациясын жарыялады.

​Эске салсак, Дональд Трамп менен Владимир Путин дүйшөмбү күнү Хельсинки шаарында жолуккан. Андан кийин тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртууга кызыкдар экенин айтып, Трамп бул жолугушуу "ачык, майнаптуу жана түз" болгондугун саймедиреген.

Жаңылыктар түрмөгү
0