Эң көп акча тапкан музыканттар белгилүү болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКонцерт ирландской группы U2 в рамках мирового тура 360 Degree
Концерт ирландской группы U2 в рамках мирового тура 360 Degree - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчылар кирешесинин басымдуу бөлүгүн гастролдордон тапкан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Американын Billboard журналы эң көп акча тапкан музыканттардын рейтингин жарыялады.

Тизменин көч башында ирландиялык U2 рок-тобу турат. Аталган топ 2017-жылы 54,4 миллион евро тапкан. Бул каражаттын басымдуу бөлүгүнө алар Joshua Tree Tour программасынын алкагында ээ болушкан. Мындан үч жыл мурдагы рейтингде U2 рок-тобу кирешенин деңгээли боюнча алдыңкы 50 сапка дагы илинген эмес.

Экинчи орунга кантри-ырчысы Гарт Брукс татыды. Ал былтыр 52,2 миллион доллар тапкан. Үчүнчү орунга Metallica тобу (43,2 миллион доллар) чыкты.

Алдыңкы ондукка кирген ырчылардын тизмеси төмөнкүдөй:

Ырчы Анжелика. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо миң долларга чейин гонорар алган кыргыз ырчылары кимдер? Тизме
Бруно Марс (40,7 миллион), Эд Ширан (31,3 миллион), Леди Гага (29,7 миллион), Билли Жоэл (29,2 миллион), Guns N' Roses тобу (27,8 миллион), Pink Floyd тобунун мурдагы гитарист Рожер Уотерс (27,2 миллион) жана Coldplay (26,5 миллион).

Ырчылар кирешесинин басымдуу бөлүгүн гастролдон тапкан. Ошентсе да эл кыдырбай эле көп акча тапкан ырчылар экөө, алар: рэпер Дрейк (8,6 миллион доллар) менен ырчы Тейлор Свифт (Альбомун сатуудан 5 миллион сом киреше көргөн).

Журналдын билдиришинче, ырчылардын тапкан кирешесин эсептөөдө Американын ички гана рыногу эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0