Ай. Архив

NASA Айда адамдардын "кыштагы" пайда болорун айтты

256
(жаңыланган 10:55 25.07.2018)
NASA менен жеке корпорациялар 2019-жылдан тарта Айга автоматташтырылган түрдүү илимий жабдыктарды жөнөтүүнү пландап жатат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Американын NASA изилдөө борбору жакынкы сегиз жылдын ичинде Айга станция курганы жатат. Ал жакта ар дайым астронавттар жүрө турган болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Daily Star басылмасы жазганына караганда, ар кандай материалдарды космоско жеткирүү жаатындагы жеке компаниялардын атаандашуусунун арты менен ушундай программаны ишке ашырууга мүмкүн болууда.

"Космостук мейкиндиктеги өнөр жай Айдагы индустрияга да таасирин тийгизет. Бул эки тармактын ортосунда окшоштуктар көп деп ишенем", — деди Moon Express компаниясынын аткаруучу директору Боб Ричардс.

NASA менен жеке корпорациялар 2019-жылдан тарта Айга автоматташтырылган түрдүү илимий жабдыктарды жөнөтүүнү пландап жатат.

256
Белгилер:
станция, NASA
Тема боюнча
Окумуштуулар смартфонду бир заматта заряддоонун жолун табышты
Космостогу алгачкы аял командир пенсияга кетти
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ. Архив

Синдзо Абэ добуш сатып алуу боюнча шектелип, суракка чакырылды

6
(жаңыланган 13:39 03.12.2020)
Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтырды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Токио шаарынын прокуратурасы Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни суракка алганы жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Башкаруучу партия болуп эсептелген Либерал-демократтар партиясынын төрагасын шайлоодо (сентябрь айында болгон) добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн деген шектенүү жаралып, Абэ күбө катары суралары айтылды.

Кеп жыл сайын өтүүчү "Сакурага суктануу" салтанаттуу кечеси тууралуу болуп жатат. Адатта ага чет элдик дипломаттар, искусство, спорт, маданият өкүлдөрү жана журналисттер чакырылат. Бирок бул ирет иш-чарага негизинен Либерал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана идеялаштары гана катышкан. Ошондой эле салтанатты өткөрүүгө сарпталган каражат тууралуу так маалымат берилген эмес.

Эске салсак, август айынын аягында Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Кийин анын ордуна Либерал-демократтар партиясынын төрагасы жана өкмөт башчы болуп Ёсихидэ Суга шайланган. Суганын талапкерлигин 462 депутаттын ичинен 314ү колдоп берген.

6
Белгилер:
коррупция, шайлоо, Прокуратура, сурак, Япония, Синдзо Абэ
Тема боюнча
Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Тойдогу меймандар. Архивдик сүрөт

UFC мушкери Дагестандагы үлпөт тойду массалык мушташка айлантып салды. Видео

140
(жаңыланган 11:38 03.12.2020)
Жаңжалдын чыгышына спортчунун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас экени айтылды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. UFC уюмунун россиялык мушкери Гаджимурад Антигулов Дагестанда үлпөт тойдо мушташты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына Антигуловдун тойго алкоголдук ичимдик алып киргени себеп болгон. Спортчунун өзү да мас абалда экени айтылды. Башка столдорго арак-шарап коюлган эмес. Тойдогулар мушкерди ичимдикти алып салууга чакырган. Көп өтпөй мушкер коноктордун бирине тап берип, мындан улам массалык мушташ чыгат.

Видеодон көрүнүп тургандай, баласын жетелеген Расул аттуу киши спортчунун жанына эки ирет келип, аны тынчтантууга аракет кылган. Алар бир пикирге келип, кол алышканын да көрүүгө болот. Көп өтпөй түшүндүрүү үчүн кайра келген Расулга Антигулов кол көтөргөндө, ал UFC мушкерин сулата чабат. Спортчуну жандагандар Расулга чабуул жасап, массалык мушташ башталат. Мушкердин жанындагылардын бири чөнтөгүндөгү тапанчасын да алып чыккан.

33 жаштагы Гаджимурат Антигулов ММА спортунда 28 беттешке чыгып, анын 20сын уткан. Мушкер 2017-жылдан бери UFC промоушенинде беттештерге чыгып келет. Акыркы ирет ушул жылдын октябрь айында Абу-Дабиде өткөн мелдеште мекендеши Максим Гришинге жеңилип калган.

140
Белгилер:
той, үлпөт, мушкер, UFC, Дагестан
Тема боюнча
UFC Макгрегор менен Порьенин беттеши өтө турган күндү расмий бекитти
Шевченко менен Майянын кармашы. UFC 255 мелдешинен онлайн-репортаж
Жеңишине кубанып. Насаатчыларын көтөрүп чаап сүйүнгөн UFC мушкеринин видеосу