ЖМК: Каирдин зоопаркындагы эшекти зебрага окшоштуруп боёп салышкан

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЗебра. Архив
Зебра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыска мөөнөттүн ичинде бул окуя араб ЖМКларында эң көп талкууланган кабарга айланган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Каирдеги зоопарктын ээси кишилерди тартуу үчүн эшектерди зебрага окшотуп боёгонун РИА Новости агенттиги Extra News телеканалына таянуу менен билдирди.

Кокустан көлмөгө түшүп кеткен арстан. Жылмайткан видео - Sputnik Кыргызстан
Кокустан көлмөгө түшүп кеткен арстан. Жылмайткан видео
Бул алдамчылыкты онунчу класстын окуучусу экскурсия учурунда байкап калган. Ал Наси-сити аймагындагы эл аралык парктан тосмонун ары жагында турган эки зебрага кызыгып, жанына келгенде алардын бетинен жана жонунан кара боёк агып жатканын байкаган.

Окуучу "жасалма" зебраларды сүрөткө тартып алып социалдык тармакка жарыялаган.

Кыска мөөнөттүн ичинде бул окуя араб ЖМКларында эң көп талкууланган кабарга айланган.

Бирок зоопарктын директору бул жайдагы зебралар чыныгы жаныбарлар экенин айтып ишендирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0