ЖМК: Таиланддагы үңкүрдөн куткарылган балдар менен машыктыруучусу кечил болду

© REUTERS / HANDOUTСпасение детей из затопленной пещеры в Таиланде
Спасение детей из затопленной пещеры в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монах болгон өспүрүмдөр монастырда 10 күн болушса, машыктыруучусу бир жол бою ал жакта болот.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Таиланддагы үңкүрдөн июль айынын башында куткарылган жергиликтүү футбол клубунун 11 өспүрүм оюнчусу жана машыктыруучусу кечил болуу үчүн атайын салттан өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Города мира. Париж - Sputnik Кыргызстан
Париж: 5-кабатта асылып турган баланы куткарып калган кишинин видеосу
Ват Пхра Тхат Дой Тунг монастрында өткөн салтанатты Thai PBS телеканалы түз эфирден көрсөттү. Куткарылган өспүрүмдөр менен балдар салтанат алдында атайын даярдыктан өтүп, чачын жана каштарын кырдырган. Эми аларга ачык кызгылт сары түстөгү кийимдерди берилип, аны тапшыруу аземине балдардын тууган-туушкандары, провинциянын губернатору, аткаминерлер, куткаруучулар, дарыгерлер жана башкалар катышкан.

Таиланддагы Тхам Луанг үңкүрүнөн 12 өспүрүм менен машыктыруучусу куткарылган. Балдарды бирөө христиан динин тутунгандыктан ал салтанатта күйөрман катары гана катышкан.

Монах болгон өспүрүмдөр монастырда 10 күн болушса, машыктыруучусу бир жол бою ал жакта болот.

Өспүрүмдөрдүн футбол боюнча командасынын 12 оюнчусу машыктыруучусу менен бирге 23-июнда жоголуп кеткен. Он күндөн кийин алар Тхам-Луанг үңкүрүндө экени аныкталган. Алар 7 чакырымдык үңкүргө киргенде капысынан суу көтөрүлүп үңкүрдүн оозун жаап калган. Куткаруу операциясы 2-июлда башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0