Үстүнө бетон куюп салышкан. Камчаткада жоголгон кишинин сөөгү 2 жылда табылды

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүВосстановительные работы в Крымске
Восстановительные работы в Крымске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
38 жаштагы эркек 2016-жылы өз үйүндө өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Камчатканын Светлый Алтай аймагындагы үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн үстүнө бетон коюлган эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы эркек 2016-жылы дайынсыз жоголуп кеткен. Аны ушул убакка чейин издеп жаткан полиция кызматкерлери жоголгон адамды өзүнүн аялы өлтүрүп койгонун капысынан билип калышкан.

"2016-жылдын 22-августунда маркум, 49 жаштагы аялы жана анын 33 жаштагы көңүлдөшү болуп үчөө уруша кеткен. Чатак маалында аял күйөөсүн бычактап салган. Кийин көңүлдөшү экөөлөп сөөктү жер төлөгө көмүп туруп, үстүнө бетон куюп коюшкан", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Аталган факты боюнча "Бир нече адамдын сүйлөшүп алып адам өлтүрүүсү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0