Калифорниянын жашоочусу лотереядан жарым миллиард доллар утуп калды

© REUTERS / Brendan McDermidЛотерея Mega Millions в США
Лотерея Mega Millions в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билет Сан-Хосе шаарындагы дүкөндөрдүн биринде сатып алынган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Американын Калифорния штатынын жашоочусу Mega Millions лотереясынан 522 миллион доллар утуп алганын лотереянын расмий сайтында маалымдалганын РИА Новости агенттиги жазды.

Лотерейный билет Powerball - Sputnik Кыргызстан
АКШ тургуну лотереядан эки миллион доллар утту. Ал бир эле санды 18 жыл колдонгон
Ага ылайык, аталган лотереядан тургундар ушуну менен бешинчи жолу ири байгени утуп алып жатышат. Билет Сан-Хосе шаарындагы дүкөндөрдүн биринде сатып алынган жана анын алты саны тең дал келип, ири утушка ээ болгон. Андан сырткары, дагы сегиз киши беш санды туура тапкандыктан бир миллиондон 3 миллион долларга чейин акча алышат.

Mega Millions лотереясынын тарыхында эң ири утуш 2012-жылы ойнотулуп, 656 миллион доллар жеңүүчүгө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0