Бир пост үчүн миллион доллар! Instagram баракчасы менен оңбогон акча тапкандар

© AFP / TIMOTHY A. CLARY Fмерикалык модель жана ишкер Кайли Женнер. Архив
Fмерикалык модель жана ишкер Кайли Женнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр рейтингдин көч башындагы Селена Гомес быйыл экинчи орунга түшүп калды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Hopper HQ мобилдик сервиси Instagram баракчасы аркылуу көп акча тапкан атактуулардын рейтингин чыгарды.

Быйыл рейтингдин көч башына америкалык модель жана ишкер Кайли Женнер чыкты. Ким Кардашьяндын 20 жаштагы сиңдисинин Instagram баракчасына 111 миллион киши жазылган жана ал бир билдирүүсү үчүн бир миллион доллар алат.

Экинчи орунда ырчы Селена Гомес турат. Ал бир билдирүүсүн 800 миң доллар деп баалаган.

Үчүнчү орунда белгилүү футболчу Криштиану Роналду турат. Hopper HQ сервисинин маалыматы боюнча оюнчу Instagram баракчасына жазган бир билдирүүсү үчүн 750 миң доллар алат.

Төртүнчү орунда модель жана актриса Ким Кардашьян. Ал жарнама иретинде жарыялай турчу бир билдирүүсүн 720 миң долларга баалайт.

Америкалык ырчы Бейонсе бир билдирүүсү үчүн 700 миң доллар алып, бешинчи орунга татыды.

Алдыңкы ондукка актер Дуэйн Жонсон (650 миң доллар), ырчы Жастин Бибер (630 миң доллар), футболчу Неймар (600 миң доллар) жана Лионель Месси (500 миң доллар) менен Кендалл Женнер (500 миң доллар) кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0