Путин БРИКС саммитинде кесиптеши Трампка өзүнүн баасын берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки
Встреча президента РФ Владимира Путина и президента США Дональда Трампа в Хельсинки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-27-июль күндөрү Йоханнесбург шаарында БРИКС саммити өттү.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Түштүк Африкада өткөн БРИКС саммитинин жыйынтыктоочу конференциясында АКШнын президенти Дональд Трампка баасын берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Путин америкалык кесиптешинин шайлоочуларга берген убадаларын аткарууга болгон далалаты анын мыктылыгын көрсөтөрүн айтты.

"Президент Трамптын Америка элине — шайлоочуларына берген убадаларын аткарууга умтулуп жатышы абдан жакшы. Бул нерсе учурдагы президентке таандык мүнөз. Аны мен жакшы нерсе катары баалайм. Анткени айрым лидерлер элге шайлоо алдында берген убадаларын унутуп калат", — деди Путин.

Белгилей кетсек, 25-27-июлда Йоханнесбург шаарында БРИКС саммити өттү. Бул уюмга Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка республикасы кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0