Подмосковьеде автобус ала салып кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Москва облусунун Домодедово районундагы трассада каттамга чыккан автобус аласалып кетти. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Жол кырсыгы "Белые Столбы" деп аталган калктуу аймакка жакын Кашир шоссесине чейинки бурулушта кеч курун болгон. 

"Автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун кырына кулаган", — деп айтылат маалыматта.

​Москва — Ижевск каттамы боюнча бара жаткан автобустун ичинде 27 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Полициянын айтымында, 16 киши жабыркаган. Алардын арасында балдар жок. 

РИА Новостинин тартип коргоо органдарындагы маалымат булактары автобус элдик ырлар менен бийлер боюнча ансамблдин артисттерин ташып бара жаткандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0