АКШда жаза өтөп жаткандар түрмөнүн атайын эсебин талкалап, 225 миң доллар уурдашты

© AP Photo / Andrew SelskyАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурдалган акчаны түрмөлөрдүн кийим-кече, китеп жана тамак-аш саткан атайын дүкөндөрүнөн гана пайданууга болот.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. АКШнын Айдахо штатында ар кайсы абакта жаза өтөп жаткан 364 киши өлкөнүн беш түзөтүү колонияларынын JPay акча которуу системасынан өздөрүнүн эсебине 225 миң доллар которуп алышкан. Бул тууралуу The New York Times гезити жазып чыкты.

Айдахо шаарынын түзөтүү колониялар штатынын маалымат катчысы Жефф Рэй жаза өтөп жаткан хакерлер системада ката кеткен учурдан пайдаланып, акчаны уурдашкан.

"Бул абактагылардын пландалган иши. Алар JPay акча которуу системасы кандай иштерин билчү", — деди Рэй.

Түзөтүү колониялар штатынын жетекчиси атайын эсептен уурдалган акчаны түрмөлөрдүн кийим-кече, китеп жана тамак-аш саткан атайын дүкөндөрүнөн гана пайданууга болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0