Москвадагы циркте көрүүчүлөрдүн көзүнчө жолборс арстанга кол салды. Видео

© AP Photo / Ng Han GuanПразднование Национального дня в Пекине
Празднование Национального дня в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жырткыч жаныбарларды ажыратуу үчүн дрессировщик бош тапанчаны асманга атууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Москвадагы циркке Запашный бир туугандарынын шоусун көргөнү келгендер адаттан тыш окуяга күбө болушту. Жырткыч жаныбарлар аз жерден бири-бирин өлтүрүп коё жаздашты.

Көрүүчүлөрдүн көзүнчө Дитер аттуу жолборс Давид аттуу арстанга кол салып, кокосунан тиштеген. Жырткыч жаныбарларды ажыратуу үчүн дрессировщик бош тапанчаны асманга атууга аргасыз болду.

Кийин окуяга Аскольд Запашный түшүндүрмө берип, видеону Instagram баракчасына жарыялады.

"Бүгүн биринчи жолу катуу үн чыгаруучу куралды аттым. Кудайга шүгүр тигилерге болушам деген Филипп аттуу арстанды маалында токтотуп калдык. Бардыгы жеңил боло койгон жок. Курал костюмга илинип колдон түшүп кетти. Бирок баары жайында", — деп жазды ал.

Циркте эл алдына чыккан жырткыч жаныбарлардын үйрөтүүчүгө кол салган окуялары бир топ кездешет. Россиянын Волгоград облусунда дагы аюу ээсине кол салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0