Трамп кайсы ЖМКлардын казаны кайнабай турганын айтты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүДональд Трамп. Архив
Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти өлкөдөгү бир катар ЖМКларды "эл душманы" жана "фейк жаңылыктар" деп атап келет.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп ЖМКларды маалымат таратууда так болууга чакырып, New York Times менен Washington Post сыяктуу басылмалар көнгөн адатын таштай албай жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин New York Times гезитинин ээси Артур Окс Сульцбергер Трамптын дайыма журналисттерге асылышы элдин ЖМК кызматкерлерине карата болгон терс мамилесин күчөтүшү мүмкүн экенин белгилеген.

"ЖМКлардын эркиндиги деген жоопкерчиликке маалыматты так берүү дагы кирет. Менин администрациямдын жетишкендиктерине карабастан маалыматтардын 90 пайызы терс маанайда чагылдырылат. Андыктан ЖМКларга болгон ишеним төмөн", — деп Трамп Twitter баракчасына жазды. 

Анын айтымында, New York Times жана Washington Post сыяктуу басылмалар көңүл көтөргөн окуялар болсо дагы аны бурмалап, терс маанайда жазганы жазган.

АКШ президенти өлкөдөгү бир катар ЖМКларды "эл душманы" жана "фейк жаңылыктар" деп атаса, өз кезегенде ал ЖМКлар Трампты сындап, Ак үйдөгү компромат жаңылыктарды такай жарыялап келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0