Окумуштуулар: сасык тумоонун жайыла баштаган жаңы түрү адамды комага түшүрөт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң коркунучтуусу — убагында вакцина чыгарылбаса, вирус сасык тумоодой эле тез тарай баштайт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. CladeX деген вирус дүйнөлүк масштабдагы эпидемия коркунучун жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин окумуштууларына шилтеме берип Science Alert басылмасы жазды.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, учурда сасык тумоонун жаңы түрүн 400гө чукул адам жуктуруп алган. Вирус Германия менен Венесуэладан тарай баштаган.

"Муну оңой эле жуктуруп алса болот. Биринчи белгилери — жөнөкөй сасык тумоо же кызылча оорусундай эле. Бирок коркунучтуусу адам өмүрүн алып коюшу толук ыктымал. Убагында дарыланбаган адам энцефалит менен жабыркап, комага түшүп калышы мүмкүн", — деп окумуштуулар билдирди.

Алар ошондой эле эң коркунучтуусу — убагында вакцина чыгарылбаса, вирус сасык тумоодой эле тез тарай баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0