Бензин арзан баада сатылган өлкөлөр аталды. Рейтинг

Жазылуу
Рейтингде май арзан жана кымбат саткан мамлекеттер көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Bloomberg агенттиги АИ-95 үлгүсүндөгү бензин кайсы өлкөлөрдө арзан баада сатыларын аныктап, рейтинг түздү.

Агенттиктин маалыматына караганда, эң арзан күйүүчү май Венесуэлада, бир литр бензиндин баасы 0,01 долларды түзөт. Экинчи орунда Иран (0,28 доллар) болсо, үчүнчүдө Кувейт (0,35 доллар) турат.

Производство обновленного Hyundai Solaris в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаа эми арзандайбы? Бажы жол-жобосунун өзгөрүшү эмне берет
Бензини арзан болгон алдыңкы он өлкөнүн катарына Нигерия (0,41 доллар), Египет (0,43 доллар), Сауд Аравия (0,54 доллар), Малайзия (0,54 доллар), Индонезия (0,67 доллар), Бириккен Араб Эмирлиги (0,68 доллар) жана Россия (0,72 доллар) кирди.

Рейтинг боюнча дүйнөдөгү эң кымбат бензин Гонконг (2,09 доллар), Норвегия (2,02 доллар) жана Нидерландыда (1,93 доллар) сатылат. Ошондой эле майдын баасы жогору болгон мамлекеттердин катарына Греция (1,91доллар), Италия (1,91 доллар), Дания (1,90 доллар), Израиль (1,86 доллар), Португалия (1,83 доллар), Финляндия (1,79 доллар) жана Франция (1,78 доллар) кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0