Африкага барган россиялык журналисттерге ким кол салганы айтылды. Чоо-жайы

© AFP / FLORENT VERGNES Военные в Центрально-Африканской Республике. Архивное фото
Военные в Центрально-Африканской Республике. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчөө тең Африкага Михаил Ходорковскийдин иликтөө борборунан жиберилип, жергиликтүүлөрдүн жашоосу тууралуу тасма тартышмак.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Борбордук Африка республикасында даректүү тасма тартып жүргөн россиялык журналисттерге 10 киши кол салган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Автомат. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы туристтердин өлүмүн "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
Эскерте кетсек, 31-июлда Сибут шаарынан 33 чакырым алыстыкта унаа ичинен үч кишинин киши колдуу болгон сөөгү табылган. Кийин алардын журналист Орхан Жемаль, режиссер Александр Расторгуев жана оператор Кирилл Радченко экени аныкталган. Үчөө тең Африкага Михаил Ходорковскийдин иликтөө борборунан жиберилип, жергиликтүүлөрдүн жашоосу тууралуу тасма тартышмак. Жанынан пресс-карта табылганы менен аккредитациядан өтпөгөнү маалым болду. Акыркы ирет алар байланышка жекшемби күнү чыгышкан.

Маалыматка ылайык, кол салуу болжол менен кечки саат алтыларда болгон.

"Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү караңгы кирип калгандыктан россиялардан жолго чыкпоону өтүнгөн. Бирок алар болбой эле кетип калышкан", — деди жергиликтүү чиновник Марселин Йойо.

Анын айтымында, кылмышкерлерди баары "чалма чалынып, арабча сүйлөшкөн".

Учурда Россиянын Тергөө комитети иш козгоп, африкалык укук коргоочуларга жардам берүүгө даяр экенин айтып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0