Трамп Ким Чен Ындан жаңы кат алды

© AFP / ANTHONY WALLACE / POOLДональд Трампа менен Ким Чен Ынадын жолугушуусу. Архив
Дональд Трампа менен Ким Чен Ынадын жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ лидерине кат 1-августта келген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан 1-августта жаңы кат алганын Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс билдирди Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Эки мамлекет башчыларынын такай кат алышуусу Сингапурдагы жолугушууда жетишилген келишимдерди өтөсүнө чыгаруу жана эки лидердин айткандарын иш жүзүнө ашырууга багытталган", — деди Сандерс.

Встреча президента США Дональда Трампа и лидера КНДР Ким Чен Ына - Sputnik Кыргызстан
Трамп кесиптеши Ким Чен Ынга жан-алы калбай ыраазы болуп, маек курду
Трамп Ким Чен Ындан биринчи ирет кат алып жаткан жок. Сингапурдагы тарыхый жолугушууга чейин Трамп Түндүк Корея лидеринин башкы кеңешчиси, өлкөнүн Эмгекчилер партиясынын төрага орун басары Ким Ён Чхоль менен жолугуп, ал Ким Чен Ындын катын тапшырган. Ошол учурда Трамп катта эмне деп айтылганын ачыкка чыгарбай, анын мазмуну көңүл жылытарлык экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0