Трамптын бакчада иштеп жатканда тартылган сүрөтү соцтармакты күлкүгө салды

© AFP / NICHOLAS KAMM Первая леди США Меланья Трамп
Первая леди США Меланья Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар биринчи айым кымбат көйнөк жана бутуна бакчада иштөөгө ыңгайсыз кеда кийип алганын байкашкан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Американын президентинин жубайы Меланья Трамптын Ак үйдүн бакчасында иштеп жатканда тартылган сүрөтү социалдык тармакты күлкүгө салды. Бул тууралуу Mashable  порталы жазды.

Сүрөттө Меланья Трамптын эңкейип, себеттен бир нерсе алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

​Бул сүрөт жасалма тартылганын социалдык тармактын колдонуучулар жазып чыгышты. Андан сырткары, биринчи айым кымбат кийимдерди кийип алганы да элдинн көңүлүн бурган.

АКШ президенти Дональд Трамп жана бириничи айымы Меланья. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп жубайы Меланья экөөнүн мамилесине баа берди
"Эгер менин акчам болгон күндө да 600 долларлык көйнөктү бакчада иштөө үчүн киймек эмесмин", — деп жазат TigerlilyAthena аттуу колдонуучу. 

Айрым интернет колдонуучулар Меланья бакчада кантип иштеп, өсүмдүктөрдү кантип кароону такыр билбей турганын, болгону сүрөткө жакшынакай түшүү үчүн "аракет кылганын" жазышты.

Кээси Меланья Трамп мурда-кийин мындай иште кол жоорутуп көрбөгөнүн белгилешти.

"Эмне Меланья башка бирөөнүн бакчасына ууруга кирип баратканда кармап калышканбы?", — деп суроо салат maybemaeve аттуу колдонуучу 

Азыркы биринчи айымды мурдагы биринчи айым Мишель Обама менен да салыштыргандар болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0