Бир эле унааны 80 жолу саткан "ишкер". Түркиядагы окуя

© REUTERS / Mike Blake / File PhotoАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын айтымында, шылуундан жабыркагандардын ичинен табыла электери да бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркиянын Хатай провинциясында жашаган мугалим бир эле унааны улам бир кардарга сатып, акчасын алдын ала акчасын алып из жашырып жүргөн. Бул тууралуу Hurriyet Daily News басылмасына таянуу менен "Автовести" жазып чыкты.

Телефон кармап турган кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздарды жолугушууга чакырып телефондорун уурдап жүргөн шылуун кармалды
"Ишкерге" 10 миллион доллар пайда алып келген шылуунчулук полициянын көз жаздымында калган эмес.

Маалыматта анын арзан баа менен унаа сатыла турганы жөнүндө жарыя жасап келгени айтылат. Машинанын мындай наркын аукциондон сатып алганы менен түшүндүргөн.

Баасына кызыккан кардарлар алдын ала сумманын кайсы бир бөлүгүн алдын ала төлөөгө да макул болушкан. 9 миллион 840 миң доллар чогулткандан кийин мугалим из суутуп кеткен.

Бирок укук коргоо органдары аны көпкө узатпай, кылтакка илген.

Жаңылыктар түрмөгү
0