Окумуштуулар интернеттин уйкуга кандай таасир берерин изилдеп чыкты

© AFP / FRED DUFOURПроблема лишнего веса в Китае
Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке байланып, аз уктагандар өзгөчө 18ден 30 жашка чейинкилер арасында көбүрөөк байкалган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Италиялык илимпоздор интернетти активдүү колдонгон 5500 кишини изилдөөгө алып, алар башкалардан 25-60 мүнөт аз уктай турганын аныкташты. Бул туурасында Sciencedirect.com сайты жазып чыкты.

Бул өзгөчө 18ден 30 жашка чейинкилер арасында көбүрөөк байкалган. Гаджеттерди колунан түшүрбөй жүргөндөрдүн эс алуусу деле ойдогудай болбостугу айтылган. Интернетте отурганды жакшы көргөндөр түндө тыңгылыктуу эс албагандыктан, эртең менен уйкудан ойгонушу кыйын болот.

"Адатта мындай адамдар жаш болсо да уйкусу канбастыгын жана тез чарчай бергендиктерин айтышат. Алар интернети жокторго караганда бир топ эле, тагыраагы алты сааттан да аз укташат ", — деп айтылган маалыматта.

Изилдөөгө катышкандар уктаар алдында интернетти бир карап чыгуу алардын адатына айланып калганын моюнга алышкан.

Буга чейин окумуштуулар көп уктоонун зыянын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0