Тез дат басып кетчү алты автоунаа аталды. Рейтинг

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүУнаа заводу. Архив
Унаа заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журнал автоунаа ээлери жакшылап кам көрбөсө, бир-эки жылда эле датка алдырып жиберерин эскерткен.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кайсы үлгүдөгү автоунааларды дат тез басып кете тургандыгын Novate журналы өзүнүн баяндамасында санап чыккан. https://novate.ru/blogs/060818/47368/

Журналдын жазгандарына таянсак датка жакын автоунаа "Волга" экен. Учурда сейрек кездешкен бул үлгүдөгү темир тулпарга 2000-жылдары суроо-талап көп болгон. Сырты начар сапаттагы металлдан жасалгандыктан, автоунааны дат эки жылдан кийин эле басып баштаганы айтылган.

Экинчи сапка 2007-2014-жылдары чыккан Ford Mondeo үлгүсүндөгү автоунаа чыкты. Суук көп болуп, туз арбын себилген жолдо жүргөндүктөн, анын сырткы темири тез чирийт экен.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң бышык делген 10 машинанын аты аталды
Дат басуу боюнча үчүнчү орунда 1998-2004-жылдары чыккан Opel Astra чыккан. Автоунааны кузову заводдон эле жаман сапатта жасалганы айтылат. Эгерде кожоюн колундагы темир тулпарын жакшылап карабаса, датка тез эле алдырып жиберерин эскертишкен.

Кийики сапка "УАЗ Патриот" жол тандабасы коюлган. Сырткы көрүнүшү кынтыксыз жасалган бул унаа да датка тез алдырат экен.

Бешинчи орунду 1995-2006-жылдары чыккан Nissan Almera ээлеген. Аны ишенимдүү деп айтышканы менен эшиктери, капоттун үстү, жүк салган тарабы жана босого темирлери тез чирийт экен. Ал тургай багажниктин капкагын 2-3 жылда эле дат басып кеткен учурлар кездешкени айтылган.

Алтынчы орунга 2002-2012-жылдары чыккан Mazda-6 автоунаасы чыккан. Журнал аталган темир тулпардын биринчи мууну жакшы жасалганы менен даттан коргоо жагы аксап калганын жазган. Эгерде кожоюну жакшылап карап, кам көрбөсө, кузов тез эле чирип кетет деген эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0