Италия: каалоочулардын колу-бутун сындырып акча тапкандар кармалды

© AFP / NOEL CELISДубинка кармап турган адам. Архив
Дубинка кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар мамлекеттен медициналык камсыздандырууга каралган 100-150 миң еврону мыйзамсыз алгандыгына шектелүүдө.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Италияда адамдардын колу-бутун сындырып мамлекеттен 150 миң еврого чейин акчаны мыйзамсы өндүргөн шылуундар кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Палермо шаарынын полициясы эки кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн колго түшүрдү. Алар медициналык камсыздандыруунун төлөмүн алуу үчүн кедей, аракеч, баңзи зат колдонгон жана ден соолугу начар жарандарды таап, дене мүчөсүнө атайлап оор жаракат келтиришкен. Андан соң жол кырсыгын уюштуруп, ал жерге атайын дайындалган күбөлөрүн чакыртып, өздөрүнүн жабырлануучусун оорукана жеткирип турушкан.

"Атайын дайындалган жабырлануучунун колу-бутунун сөөктөрүн сындырып салышчу. Ал үчүн шектүүлөр машыгуу залындагы штанганын 20 килограммдык темирлерин пайдаланган", — деп жазылат маалыматта.

Случаи педофилии в индийском городе Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Колго түшкөндөрдүн арасында ооруканада иштеген медайым да болгон. Ал шылуундарды ооруну басуучу дарылар менен камсыздап турган.

Колу-бутун сындыртканга макул болгондорго кылмышкерлер 300-500 евродон төлөп беришчү. Ошол эле маалда шектүүлөр мамлекет медициналык камсыздандырууга караган  100-150 миң евро акчанымыйзамсыз өндүрүп, анын басымдуу бөлүгүн өздөрүнүн капчыгына салып турушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0