Шумдугуң кур! "Асмандагы цунами" америкалыктардын жүрөгүн түшүрдү

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар жаратылыш кубулушун кыямат күндүн белгиси катары элестеткен.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Американын Иллинойс штатында асманда булуттардан укмуштуудай чоң "дубал" пайда болуп, фантастикалык тасмадагылардай элес калтырды.

Жаратылыштын кубулушунун видеосу Reddit порталына жарыяланып, ага бир сутканын ичинде эле 50 миңден ашык интернет колдонуучу комментарий жазган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, булуттар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, айрымдар кыямат күндүн белгиси катары элестеткен.

Мындай жаратылыш кубулушуна аба температурасынын төмөндөп кеткендиги себеп болгон. Өзгөчө булут көлдөгү нымдуу абанын ортосунда пайда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0