Панда. Архивдик сүрөт

Кытайдагы зоопаркта "машыккан" панда. Жылмаюу тартуулаган видео

489
(жаңыланган 18:07 13.08.2018)
Видеодо панда жерде жаткан чыбыкты тоголонуп барып алып, колунда айлантканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Интернетте кишилердин ууртуна жылмаюу тартуулаган видео тараганын People's Daily басылмасы жазды.

Интернет колдонуучулар панданы "Кунг-фу Панда" мультфильминдеги башкы каарманга салыштырды.

Туристтер тарабынан тартып алынган видеодо панда жерде жаткан чыбыкты тоголонуп барып алып, колунда айлантканын көрүүгө болот.

Видеонун авторлору "бардыгы кунг-фуну билет, бул панда да артта калбаптыр" деп жазып коюшкан.

489
Белгилер:
панда, Кытай
Тема боюнча
Зоопарк кызматкеринин "бутуна чалынган" панда интернет жылдызына айланды
Эминем менен Рианнанын ырын аткарган тоту куш чыныгы жылдызга айланды
Пикирлер