3 миллион жыл мурда пайда болгон homo erectus. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар алгачкы адамдар жалкоолуктан улам жок болгонун айтып чыкты

612
(жаңыланган 18:06 13.08.2018)
Антропологдордун айтымында, жер шарындагы алгачкы адамдар жаңы нерсени үйрөнүүгө аракет кылышкан эмес.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жер шарындагы алгачкы адамдар жалкоолуктун айынан жок болуп кеткенин "Известия" басылмасы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен билдирди.

Австралиялык окумуштуу-антропологдор мындан 3 миллион жыл мурда пайда болгон homo erectus жалкоолуктун айынан жок болуп кеткенин айтышты. Адистер мындай жыйынтыкка алгачкы адамдардан турган жерин иликтегенден кийин келишкен. Адамзаттын ата-бабалары эмгек талап кылынган тиричилик буюмдарын жасаган эмес. Алар кол алдында болгон гана материалдарды колдонуп, жаңыларын табууга аракет кылышкан эмес.

Ал эми миллион жыл мурда пайда болгон неандерталец менен кроманьонецтер түрдүү нерселерди ойлоп таап, алдыга карай өнүккөн.

612
Белгилер:
изилдөө, Окумуштуулар, Австралия
Тема боюнча
Окумуштуулар рак илдетин алдын алуунун оңой жолун табышты
Окумуштуулар күзгүгө тынбай карануу ден соолукка пайдалуу экенин аныкташты
Кытайлык окумуштуулар балыкты көп жеген адам узагыраак жашарын аныкташты
Окумуштуулар баш көтөрбөй иштеген аялдар кант диабетине көп чалдыгарын айтты
Пикирлер