Токио жашоочулары. Архивдик сүрөт

Диетолог япониялыктар эмнеге семирбей турганын айтты

1611
(жаңыланган 17:30 14.08.2018)
Японияда керек болсо туристтер үчүн китепчелерде да кайсы жерди көрүү керектиги эмес, каерден даамдуу тамак жесе болору көбүрөөк жазылган. Ошентсе да шаар көчөлөрүн кыдырып, ашыкча салмак менен жабыркаган адамды табуу кыйын.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Япониялыктар жашоо образы менен тамактануу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу дээрлик ашыкча салмак менен жабыркабайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Ден соолук жана тамактануу мамлекеттик институтунун диетологу Хидэми Такимото билдирди.

Негизи түштөнүү жана кечки тамак учурунда Япониядагы кафелерден бош орун табуу кыйын. Кезек күткөн эле адам. Теле, радиодон тамактын түрлөрү жарнамаланып турат. Жада калса туристтер үчүн китепчелерде кайсы жерди көрүү керектиги эмес, каерден даамдуу тамак жесе болору көбүрөөк жазылган. Мунун баарын көргөн адам "япониялыктар көзгө көрүнгөндүн баарын эле жей берет" деген ойго келиши мүмкүн.

Ошентсе да Япониянын шаар көчөлөрүн кыдырып, семиз адамды табуу кыйын.

"Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин азык-түлүктү керектөөнүн көлөмү кыйла эле өскөн. Бирок япониялыктардын өзгөчөлүгү — майлуу тамактарды жешпейт. Эң башкысы — шаардыктардын айрымдары гана унаа айдайт, көпчүлүгү жөө басып же велосипед тээп кыймылда болушат", — деди диетолог.

Ал ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкө жарандары балык менен эт азыктарын арбын колдоно баштаганын белгиледи.

"Тузду дагы аз жей башташты. Мындан улам жогорку кан басымы менен жабыркагандар кескин азайган", — деди Такимото.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматтары боюнча да өлкөдө ашыкча салмак менен жабыркагандардын саны өсүп жаткандыгы боюнча тенденция байкалбайт.

1611
Белгилер:
диетолог, салмак, Япония
Тема боюнча
Окумуштуулар рактан тез сакайта турган диетаны аташты
Окумуштуулар карылыкка кантип эрте моюн сунбоонун жолун табышты
Иш ордунда кантип арыктаса болот? Окумуштуулар ой калчады