Жашоого ыңгайлуу делген алдыңкы шаарлар аталды. Рейтинг

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВена шаары. Архив
Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө саламаттык сактоо тармагы, маданияттын өнүгүү деңгээли, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, билим берүү жана инфраструктуранын өнүгүшү эске алынган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Британиянын The Economist журналы жашоого эң ыңгайлуу деп эсептелген шаарлардын рейтингин түздү.

Эли Кыргызстанга көп келген өлкөлөрдүн рейтинги - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кай жактан көп киши келет? Мамлекеттердин рейтинги
Биринчи орунга Австриянын борбору Вена чыкты, экинчиде Австралиянын Мельбурну, ал эми үчүнчүдө Япониядагы Осака шаары.

Алдыңкы ондукка Калгари (Канада), Сидней (Австралия), Ванкувер (Канада), Токио (Япония), Торонто (Канада), Копенгаген (Дания) жана Аделаида (Австралия) кирди.

Журналдын версиясы боюнча жашоого эч бир шарты жок — Дамаск шаары.

Рейтингди түзүүдө саламаттык сактоо тармагы, маданияттын өнүгүү деңгээли, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, билим берүү жана инфраструктуранын өнүгүшү эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0