Путин Ким Чен Ынга телеграмма жолдоду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Корея япон баскынчылыгынан 1945-жылдын 15-августунда СССР жоокерлери тарабынан бошотулган.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга өлкөнүн япон баскынчылыгынан бошотулушунун 73 жылдыгы менен куттуктаган телеграмма жолдоп, жакын арада жолугууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Алгач Ким Чен Ын Путинге куттуктоо катын жөнөткөн.

"Мен сиз менен эки тараптуу мамиле жана аймактык маселелерди талкуулоо үчүн жакын арада жолугушууга даяр экенимди тастыктайм", — деп жазылат Путиндин телеграммасында.

Дональд Трампа менен Ким Чен Ынадын жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп Ким Чен Ындан жаңы кат алды
Мындан тышкары, Россия президенти Түндүк Корея элин майрамы менен куттуктап, Ким Чен Ындын Кызыл Армия жоокерлеринин эрдигин унутпаганын жогору баалай турганын белгилеген.

"Россия, Түндүк Корея жана Корей республикасы жалпы аракет менен үч тараптуу долбоорлорду ишке ашырып өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрөт деп ишенем", — деди Путин.

Корея япон баскынчылыгынан 1945-жылдын 15-августунда СССР жоокерлери тарабынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0