Путин 53 жаштагы австриялык министр аялдын үлпөт тоюна бармай болду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Австрию
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Австрию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тойдон кийин Россиянын лидери Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууга жөнөйт.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушаар алдында Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайслдын үлпөт тоюна кире кетмей болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкө лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды.

Анын айтканына караганда, үлпөт той 18-августта өтөт. Андан ары Путин Берлинге жөнөйт.

"Ооба, президент Берлинге барар алдында тойго баш бага кетет", — деди Песков.

Ал эми президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, Путин Венага барганда Кнайслдан тойго чакыруу алган.

"Тойго барып куттук сөзүбүздү айтабыз", — деди Ушаков.

Белгилей кетсек, Австрия Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуунун фонунда бир нече ирет Россия менен болгон мамилени чыңдоо зарылдыгын айтып чыккан бирден бир өлкө.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Ким Чен Ынга телеграмма жолдоду
Вена Европа биримдигиндеги мамлекеттердин ичинен "Скрипалдардын иши" боюнча жаңжалда Россиянын дипломаттарын өлкөдөн чыгарбаган жападан жалгыз мамлекет болду. Ошол маалда Кнайсл кыйын учурларда диалогду сактап туруу маанилүү экенин айтып чыккан.

Март айында Кнайсл "Скрипалдарга" байланышкан жаңжалды жөнгө салуу үчүн Вена Москва менен Лодонго ортомчу боло аларын билдирген. Ал эми жай айында Путин менен Трамп Венадан жолугушу мүмкүндүгү айтылган.

Карин Кнайсл 1965-жылдын 18-январында төрөлгөн. Балалыгынын жарымын Иорданияда өткөргөн. Венадагы университеттен юриспруденция адистигин аяктаган. 1990-жылдары дипломаттык кызматты аркалаган. Кийинчерээк Жакынкы Чыгыш боюнча саясий эксперт катары чыгып жүргөн. Европадагы миграциялык кризис учурунда Еврокомиссия менен Германиянын көйгөйдү жоюу жолдорун сындап чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0