Путин австриялык министр айым менен анын тоюнда вальс бийледи. Сүрөт

© REUTERS / Roland Schlager / PoolРоссия президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль менен анын тоюнда вальс бийледи.
Россия президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль менен анын тоюнда вальс бийледи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте Владимир Путиндин министр аял Карин Кнайсль менен бийге түшкөн сүрөтү чыкты. Андан сырткары Россия лидеринин тойго келген видеосу да жарыяланды.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль менен анын тоюнда вальс бийледи. Бул туурасында РИА Новости австриялык басылмаларга таянып кабарлады. 

​Кнайсль австрийялык бизнесмен Вольфганг Майлингерге 18-августта турмушка чыгып, тойго Путин да чакырылган. 

Путин салтанатка катышкан соң түгөйлөрдүн автоунаасына каалоосун жазып калтырып, коноктор менен герман тилинде коштошуп, андан соң жөнөп кетти. 

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Россияга каршы санкциялардын кесепети баарына тиет
Путиндин кезектеги иш-чарасы Берлинде болот, ал Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугат. 

РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки тарап Сирия жана Украинадагы абалды, американын санкцияларын, соода-экономикалык алакаларды талкууларын билдирген. Анын ичинде "Түндүк багыт — 20" деп аталган газ түтүгүн куруу долбоору да бар. 

Эки жетекчинин сүйлөшүүлөрдүн алдында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасары күтүлүүдө. 

Австрия ТИМи Путинди эмнеге чакырды?

Карин Кнайсль Австриянын элдик партиясы менен Австриянын эркиндик партиясынын коалициялык өкмөтүнүн мүчөсү. Ал 2017-жылдын сентябрында курамына кирген. 

Австрия өкмөтү Батыштын Москвага карата мамилелеринин фонунда Европалык Биримдиктин башка өлкөлөрүнө караганда Россия боюнча пикирлерин активдүү билдирүүдөн карманып келген. Ал эми коалиция түптөлгөндөн тарта Россия менен алаканы түзүү демилгесин бир нече ирет көтөрүп чыккан.

"Скрипаль чыры" боюнча да ЕБдин өлкөлөрүнүн ичинен россиялык дипломаттарды аймагынан чыгарбаган жалгыз мамлекет болду. 

Президент РФ В. Путин на Десятом саммите БРИКС  в ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Путин Эрдоган менен ресторанга барууга макул болуп, бирок бир "шарт" койду
Кнайсль ошол учурда " кыйын учурда диалог кылып туруш керек" деген пикирин айткан. Ал эми март айында Вена "Скрипаль чырын" жөнгө салуу боюнча Москва менен Лондондун ортосунда ортомчу болууга даяр экендигин билдирген. Жайында Австриянын борбору Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп жолуга турган аянтча катары аталган. 

Карин Кнайсль Путинди июнь айында иш сапар менен келгенде тоюна чакырган. Россия лидеринин келе турганы белгилүү болгондо Австрия ТИМине сындар жааган. Европарламенттеги Жашылдар партиясынын депутаты Михель Раймон министр айымдын оставкасын талап кылган. 

Путин эмне белек берди? 

Кнайсль менен кездешкен Путин ага букет гүл берген. Россия лидери менен келген казактардын ансамблинин номери Австриянын тышкы иштер минстрине жасалган белек болду. 

​Коноктордун арасында Австриянын канцлери Себастьян Курц, вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе жубайы менен, Коргоо министри Марио Кунасек болгондугу маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0