БУУнун мурунку башкы катчысы Кофи Аннан көз жумду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар Уюмунун мурунку башкы катчысы Кофи Аннандын архивдик сүрөтү
Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку башкы катчысы Кофи Аннандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аннан акыркы жылдары Аннан Швейцарияда иштеп, өз атындагы фондуну башкарып келген.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку башкы катчысы Кофи Аннан 81 жашында дүйнө салганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУнун башкы катчысы кансыз согуш кайтканын жар салды
Маалыматта Аннандын 18-августта үй-бүлөсүнүн кашында кыска мөөнөткө созулган оорудан улам көз жумганы айтылат. Маркумдун тажыясы качан болору кийинчерээк айтылат.

Кофи Аннан 1938-жылы 8-апрелде Британиянын Алтын жээк колониясында туулган. Бул аймак бара-бара Гана деп аталган мамлекетке айланган. Кофинин атасы уруу башчысы болуп, Ашанти провинциясынын губернаторлугун аркалаган. Аннан мекенинде окуп, билимин АКШ менен Швейцарияда тереңдеткен. Студент кезинен эле БУУда иштеп, качкындар боюнча жогорку комиссар башкармалыгын жетектеген.

1997-жылдын 1-январында БУУнун башкы катчысы болуп, 2001-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. Акыркы жылдары Аннан Швейцарияда иштеп, өз атындагы фондуну башкарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0