Трамп Путин баштаган президенттер менен эмнеге жолугуп жүргөнүн айтты

© REUTERS / Joshua RobertsАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы жолугушуулардан кийин жакшы жакка өзгөрүү болоруна токтолгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин жана башка мамлекеттин башчылары менен эмнеге жолугуп жүргөнүн айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Америка лидери бул суроону көп кишиден укканын белгилеген.

"Чынын айтканда бул жөн эле убакыт коротуу эмес, жолугушуулардын мааниси чоң. Президент болгондон кийин башка өлкө лидерлери менен жолугуп турууга милдеттүүсүң. Мындан эч нерсе жоготпой, утушта гана болосуң. Мындай көрүнүш Сингапурда болду. Карагылачы, Ким (Ким Чен Ын — ред.) менен жолугушуу үзүрүн берип жатат. Эч ким бизди көздөй ракета кое берген жок, өзөктүк сыноолор токтоду. Мындан башка да үрөй учурган нерселер жок болду", — деди Трамп Twitter баракчасына жайгаштырылган.

​Президент РФ лидери Владимир Путин менен да эстен кеткис жолугушуу өткөргөнүнө токтолуп, көп нерсе жүзөгө ашканын кошумчалады.

"Чет өлкө лидерлери менен жолугушуу — жаман нерсе эмес. Жакшы жакка өзгөрүү болот", — деди Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Аллаху Акбар" деген кыйкырыктан коркуп кеттиби? Видеонун чоо-жайы
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда Хельснкиде АКШ менен Россия президенттеринин толук масштабдуу жолугушуусу өткөн. Алгач эки сааттан ашык экөө өзүнчө сүйлөшүп, андан кийин кеңири курамда тамактанып, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен.

Ал эми июнда Сингапурда тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын саммити өтүп, Трамп менен Ким Чен Ын жолуккан. Иш-чарада бир топ маанилүү документтерге кол коюлуп, чоң өзгөрүүлөр болору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0