Мындайды Кыргызстандан кезиктирбейсиң. Мейманканалардагы өзгөчө 5 кызмат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМейманкана. Архив
Мейманкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кызматтарды көрсөтүү бардык эле мейманканалардын колунан келе бербейт. Бирок алардын пайдасы барбы?

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Дүйнөдө токтогон конокторуна өзгөчө кызмат көрсөткөн мейманканалар бар. Бул туурасында PeterGreenberg.com басылмасы жазды. 

Пилге минип алып, йога менен Таиланддагы Чианг Рае отелинде машыксаңыз болот.

Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоого ыңгайлуу делген алдыңкы шаарлар аталды. Рейтинг
Германиянын Берлин шаарындагы отелдеринин биринде ырдай ала турганыңызды текшере аласыз. Ал тургай ошол жерде жайгашкан үн жаздыруучу студияда жакшы обон созуп, жаздырууга болот.

Нью-Жерсидеги (АКШ) мейманкананын чатырында үстү ачык кинотеатр бар. Каалагандар ачык асман алдында күн сайын ар кыл тасмаларды көрө алат.

Омандагы отелде кардарларына кадимки эле Жеймс Бонд болуп, мейманканага автоунаа менен эмес, парапланда учуп келүүнү сунушташат. Албетте, сизди тажрыйбалуу инструктор жеткирет.

Ал эми Гавайидеги мейманканалардын биринде теннисти жакшы көргөндүн күнү тууйт. Кортторго орнотулган камера коноктун кантип ойногондугун жазып алат. Эгер кардар кааласа, кесипкөй теннисчи кайсы жерден ката кетиргендигин айтып, кеп-кеңешин берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0