Күүгүм кирери менен смартфондон баш тартуу керек. Адистин сунушу

Жазылуу
Сомнолог күүгүм киргенден кийин жарык берүүчү техникаларды азыраак колдонуп, саат 23.00гө чейин төшөккө жатууну сунуштайт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Тынч уйкунун негизги душманы телевизор менен гаджеттер экенин Sputnik Молдова агенттигине сомнолог Адриан Лупушор айтып берди.

Адистин пикиринде, телевизор, планшет жана телефондор бөлүп чыгарган жарык уйкуну качырат.

"Адам баласы караңгы киргенде уктап, жерге жарык түшкөндө ойгонушу керек. Бул жаратылыш. Мурда кишилер дал ушинтип жашагандыктан, уйкусу канып, ден соолугу бекем болгон. Азыр кеч киргенине карабай, көзгө күндүзгүдөй жарык берген гаджеттерди карап отура беребиз. Андыктан, организм караңгы кире элек деп ойлоп, алданып калат дагы уйку келбейт. Анан албетте түнкү 12ден кийин жатабыз дагы уйкуну кандыра албайбыз", — деп түшүндүрдү Лупушор.

Адис күүгүм киргенден кийин жарык берүүчү техникаларды азыраак колдонуп, саат 23.00гө чейин төшөккө жатууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0