Психологдор "бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү" деген суроого жооп табышты

© REUTERS / Kim Kyung-HoonПраздник "День любви к жене" в Токио
Праздник День любви к жене в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар сулуулукту "өлчөп" ал күнүмдүк турмушка кандай таасир берерин билүүнү максат кылышкан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Нью-Йорк университетинин психологдору "бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү" деген суроого жооп издешкенин Daily Mail басылмасы жазды.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттен таанышуунун мыкты ыкмасы аталды
Окумуштуулар адамдын мээси кандайдыр бир кооздукту туюуп андан ырахат алууга бир гана секунд жетиштүү экенин далилдешкен.

Изилдөөнүн алкагында профессор Денис Пелли жана анын докторанты Энн Брильман сулуулукту "өлчөп" ал күнүмдүк турмушка кандай таасир берерин билүүнү максат кылышкан.

Изилдөөнүн катышуучулары кайсы бир ишке алаксып жатса дагы кооз нерсеге көңүл бурбай койгон эмес.

"Сулуулукту баамдоого көп убакыт керек деген ой кеңири тараган. Бирок биздин тажрыйба бир көрүп сүйүү үчүн бир секунддай эле убакыт жетиштүү экенин көрсөттү", — деди изилдөөнүн авторлору.

Алар ошондой эле "сулуулук ырахат сезимдерин тартуулайт" деген философдордун кебин тастыкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0