"Талибан" Москвадагы жыйынга келерин айтты

© AFP / Noorullah ShirzadaЧлены движения "Талибан", Афганистан. Архивное фото
Члены движения Талибан, Афганистан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Афганистандын Тышкы иштер министрлиги Кабул Москвада өтө турган жолугушууга катышпай тургандыгын билдирген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Талибан" радикалдык кыймылы Афганистан боюнча Москва шаарында 4-сентябрда өтө турган сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

"Биздин лидерлер Россия уюштурган сүйлөшүүлөргө катышууга макулдугун берди", — деген агенттикке талибдердин өкүлү.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Баткенден "Талибан" кыймылынын мүчөсү кармалганы кабарланды
Маалыматта сентябрда өтө турган сүйлөшүүлөргө аталган кыймылдын маанилүү деп эсептелген төрт командири катыша турганы айтылды.

Буга чейин Афганистандын Тышкы иштер министрлиги Кабул Москвада өтө турган жолугушууга катышпай тургандыгын билдирген.

Россиянын ТИМи буга чейин Афганистан боюнча 4-сентябрда Москвада кеп-кеңешүү болорун маалымдаган. Ага 12 мамлекет чакырылган, арасында АКШ да бар. Мындан сырткары, РФ ТИМи жыйынга саясий кеңсеси Дохада жайгашкан "Талибан" кыймылынын жетекчилиги да чакырылгандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0