Боор ооруган окшойт... Эстен танган кишини аман калтырган аюу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКалининградский зоопарк
Калининградский зоопарк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тил оозу жок жаткан жигитти токойдон атасы таап алган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиянын Амур облусунда аюнун колуна түшкөн киши аман калгандыгын эсине келгенден кийин билген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окуя күндүз Свободненск районунда болгон.

"Рогачевка айылынын жашоочусу токой аралап жүрүп, аюуну көрүп калып, бакка чыга качкан. Жырткыч аны тырмактары менен сермеп калганга жетишкен. Бирок бактын башындагы жигит коркконунан эсин жоготуп, жерге кулап түшкөн. Анын абалын көргөн аюу тийбей кетип калгандай", — деп билдирди аталган район жетекчилигинен маалымат кызматынан.

Тилден калып жаткан жигитти токойдон атасы таап алган. Уулун жакшылап карай келгенде денесинен жеңил тытыктан башка жаракат тапкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0