Индонезиялык киши алименттен бир тонна майда тыйын менен кутулду. Сүрөт

© AFP / STR Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае
Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каптарга салынган акчаны аялдын мурунку жолдошу эки досунун жардамы менен арабага салып алып келген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Индонезиялык Дуи Сусиларто ажырашып кеткен жубайына алиментти салмагы дээрлик бир тоннага жеткен майда тыйын менен төлөгөн. Бул тууралуу The Coconuts басылмасы жазды.

​Каранганжар шаарында өткөн соттук процесске эркек киши 12 капка салынган 153 миллион рупий (10 449 доллар) алып келген. Дагы 153 миллионун кагаз акча менен берген. 900 килограмм болгон мүшөктөрдү ал арабага салып эки досунун жардамы менен сүйрөп киргизген.

52 жаштагы тургундун мындай жоругу мурунку жубайы менен анын жактоочусуна оор тийген. Мушташа кете жаздаган аял менен эркекти ажыратып калышкан. Экс-күйөөнүн адвокаты кардарынын эч жаман ниети болбогонун билдирди.

"Жаман ойлогон жок, акчанын айрым бир суммасын достору чогултуп берди, калганын өзүнүн акча чогулткучунан алып келди", — деди адвокат.

Аял жактоочусу экөө акчаны саноодон баш тартканы менен бардык тыйындарды алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0