Суук бөлмөнүн кан басымга кандай таасир берери айтылды

© AFP / VIKTOR DRACHEVСильный мороз в Минске
Сильный мороз в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер кан басымы жайында эместер тамак жана сергек жашоо мүнөзүнө көңүл бөлүп коюу менен маселени чече албастыгын, дагы бир учурду эске алуу зарылдыгын айтышты.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бөлмөдөгү суук температурага жараша кандын басымы өзгөрүлөрүн аныктап чыккан. Бул туурасында news.sky басылмасы жазды.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Медицина кызматкерлери 4600 адамга тажрыйба жүргүзүп, алардын саламаттыгын көзөмөлгө алып, суук абада кан басым көтөрүлүп кете тургандыгын айтышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы The Journal of Hypertension журналына жарыяланган.

Лондон университетинин өкүлү Стивен Живраждын айтымына караганда, бул ачылыш эмне үчүн гипертензия (жогорулаган кан басым) кышында көп кездешет деген суроого жем таштайт. Бул себептен улам кышында инсульт менен жүрөк кан тамыр ооруларынан көз жумгандар арбын кездешет дешти.

Медиктер кан басымы жайында эместер тамак жана сергек жашоо мүнөзүнө көңүл бөлүп коюу менен маселени чече албастыгын, дагы бир учурду эске алуу зарылдыгын айтышты. Жашаган жайдын температурасын өлчөп туруу зарыл деп эскертүү беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0