Америкалык сенатор Жон Маккейн көз жумду

© AFP / ELVIS BARUKCICСенатор США Джон Маккейн
Сенатор США Джон Маккейн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маккейн Аризона штатынан бир нече жолу сенатор болуп шайланган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Америкалык сенатор Жон Маккейн 81 жашында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги анын кеңсесине шилтеме кылып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал мээ рагынын өтө оор түрү менен жабыркап келген. Буга чейин ага операция жасалган, бирок кийин кошумча дарылануу талап кылынган.

"Сенатор Жон Сидни Маккейн III саат 04.28де (Бишкек убактысы боюнча жекшемби күнү саат 05.28де — ред.) көз жумду ", — деп жазылат маалыматта.

АКШ президенти Дональд Трамп, мурдагы президент Барак Обама жана Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0