Telegram атайын кызматтарга террорчулардын маалыматын берүүгө макул болду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМессенджер Telegram может быть заблокирован Роскомнадзором
Мессенджер Telegram может быть заблокирован Роскомнадзором - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта Россиянын аймагында Telegram мессенджерине чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Telegram тиркемесинин негиздөөчүлөрү терроризмге шектелип жаткандардын маалыматтарын атайын кызматтарга берүүгө даяр экенин, бирок соттун чечиминин негизинде гана берилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости адвокат Павел Чиковго шилтеме берип жазды. 

Ал сөз жалпы колдонуучулардын маалыматы жөнүндө эмес, шектелип жаткан конкреттүү адамдар тууралуу экенин белгилеген. Мындан сырткары, мессенджер ар бир жарым жыл сайын атайын кызмат менен болгон өнөктөштүгү боюнча отчет берип турат.

"Тиркеменин өкүлдөрү бийликтин терроризм менен күрөшүүсү боюнча укуктарын эч качан четке каккан эмес. Тескерисинче соттун уруксаты менен гана маалыматтарды берүү сыяктуу цивилдүү жолду сунуштап келген", — деди юрист.

Ал эми Роскомнадзор Telegram мессенджеринин кайрадан иштешине Федералдык коопсуздук кызматынын чечими менен гана уруксат берилерин маалымдашты.

Эске салсак, буга чейин Москванын Таган райондук соту Роскомнадзордун Россияда аталган мессенджерди чектөө боюнча арызын канааттандырган

Жаңылыктар түрмөгү
0