43тө деп ким айтат?! Тайвандык сулуу элдин эсин оодарууда. Сүрөт

© AFP / NOEL CELISКүзгүгө каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүгө каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял октябрда 44кө толуп, 45ке кетет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Тайвандык дизайнер 43 жаштагы Лура Шу келбети менен социалдык тармакты таң калтырып жаткан кез. 17 жаштагы кыздай көрүнгөн аял тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.

Лура Шу модага көз салып, Instagram тармагында блог жазат. Ал жакка байма-бай сүрөттөрүн жүктөп, жаштыгынын сыры менен бөлүшүп турат. Бул аялга 727 миң адам катталган.

Луранын айтымында, мындай келбетке жашылча басымдуулук кылган диета жардамчы болгон. Андан тышкары, сыртка чыгаарда ал күндөн коргоочу кремди үзбөй колдонуп, В витамини менен коллаген ичип турат.

Анан албетте туура тандалган кийим менен жасалга өспүрүм кыздай образ берет.

Быйыл октябрда Лура 44кө чыгып, 45ке кетет.

Буга чейин да дегеле бир картайбаган кытайлык алып баруучу тууралуу айтканбыз. Ал 1996-жылдан бери дээрлик өзгөрбөптүр.

Жаңылыктар түрмөгү
0