Арак түбүнө жетип бараткан өлкөлөрдүн рейтинги чыкты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАлкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив
Алкоголдук ичимдик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин түзүүчүлөрүнүн ырасташынча, арак адам өмүрүн алууда жана майыптыкка алып келүүдө алдыңкы ондукка кирет.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Арактан көп өлгөндөрдүн алдыңкы катарында Кытай турат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Lancet медициналык журналына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы ичкиликтин айынан 59 миң аял менен 650 миң киши каза болгон.

Спирт ичимдиктерин ичип жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичимдиктин мурда эл билбеген зыяны аныкталды
Эркектердин көбү арактан улам мээсине кан куюлуп кетип бул дүйнө менен кош айтышат. Андан кийинки орунда инсульт, жүрөк оорусу жана талма турат.

Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте мурдагы жылкы маалыматтар боюнча 42 миң аял менен 290 эркек киши арактан каза тапкан. Алдыңкы үчтүктө Россия дагы бар. 2016-жылы арак 43 миң аялдын жана 180 миң эркек кишинин өмүрүн алган.

Рейтингдин түзүүчүлөрүнүн ырасташынча, арак адам өмүрүн алууда жана майыптыкка алып келүүдө 2016-жылы жетинчи орунга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0