Окумуштуулар балдар канткенде жалаң бешке окуй турганын айтышты

© AFP / XAVIER LEOTYОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин пикиринде, адамдын интеллектуалдык деңгээли менен окуудагы баалар ар дайым эле төп келише бербейт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бир нече мамлекеттин окумуштууларынан турган топ баланын жалаң бешке окушуна кандай жагдайлар таасир этээрин иликтеп чыгышты. Бул тууралуу Nature журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, адамдын интеллектуалдык деңгээли менен окуудагы баалар ар дайым эле төп келише бербейт.

"6,5 миңден ашуун европалыктарды иликтеп көргөндө, окууда жалаң жакшы баа алгандардын көпчүлүгүнүн ата-энеси мектепте да жалаң бешке окуганы белгилүү болду. Бирок алардын баары эле кийинки жашоосунда мыкты кызматта иштеп, теңтуштарынан терең акылы менен айырмаланып турган эмес. Ал эми жогорку илимий даражаларга жеткен адамдардын басымдуу бөлүгү мектепти 3-4 деген баа менен бүткөнүн айтышкан", — деп жазылат макалада.

Мындан улам адистер, адамдын интеллектуалдык деңгээли кандай болору эненин жатынында жаткан кезде аныкталып, кийин буга эч нерсе таасир бере албайт дешти. Ал эми мектептеги жакшы бааларга ата-эне үлгү катары болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0