Коңшу Казакстанга караганда кыргызстандыктар кыймылдуу экени аныкталган

© Sputnik / Табылды КадырбековПятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева
Пятнадцатилетняя циркачка Милена Урулдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакыр өлкөлөрдүн жарандары бай өлкөлөргө караганда эки эсе активдүү келери айтылган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ДССУ) уюму аз кыймылда болгон, спорт менен машыкпаган өлкөлөрдүн рейтингин чыгарды. Бул туурасындагы изилдөө The Lancet Global Health журналына жарыяланган.

ДССУнун адистери 168 өлкөдө изилдөө жүргүзүп, 55 мамлекеттин эли ыкшоо экендигин белгиледи.

Жакыр өлкөлөрдүн жарандары бай өлкөлөргө караганда эки эсе активдүү келери айтылган. Активдүү эместердин көч башында Кувейт (67 пайыз) турса, ал эми Уганда эң кыймылдуу деп табылган. Аларда ыкшоолордун саны 5,5 пайыз киши экен.

Прямоходящие предки современных людей homo erectus - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар алгачкы адамдар жалкоолуктан улам жок болгонун айтып чыкты
Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалкоолор Казакстанда арбын экендиги белгиленди. Бул элдин 18 жаштан жогорку курактагыларынын ичинен 27,5и спорт менен жеткиликтүү машыкпайт. Казакстандыктарга караганда, Кыргызстан менен Белоруссияда абал жакшыраак экендиги айтылып, спорт менен машыкпагандардын көрсөткүчү 14 пайызды түзгөн.

Окумуштуулардын айтымына караганда, активдүүлүктүн жоктугунун бирден бир себеби, аз басуу жана транспортто көп жүрүү менен байланыштырган.

Мындай тенденция кирешеси жакшы Батыш өлкөлөрүндө, Латын Америкасында жана Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө да байкалган.

18ден 64 жашка чейинки курактагыларга адистер аптасына организмге 2,5 сааттан кем эмес күч келтирип, кыймылда болуп турууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0